2024-жылдын 6-декабрында Ж. Баласагын атындагу Кыргыз улуттук университетиндеги И.Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун Мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы, п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева жана ага окутуучу С.А Кабылова Астана шаарындагы А.К. Кусайынов атындагы Евразия гуманитардык институту уюштурган “Кусайынов окуулары “XXI кылымдагы илим жана билим берүү:  тенденциялар жана перспективалар” аттуу темада Эл аралык конференцияга катышышты.

Конференциянын пленардык жыйынында п.и.к., доцент Г. Адылбек кызы «Изучение ценностных ориентаций современных ствдентов ВУЗа» деген темада баяндама жазады. Азыркы билим берүүнүн өзөктүү маселелери аталыштагы   биринчи секцияда п.и.к., доцент Н.К. Кайдиева жана ага окутуучу С.А. Кабылова «Роль практико-ориентированных математических задач в компетентностном подходе в обучении» темасында доклад окушту.

(С) С.А.Кабылова – мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий