2024-жылдын 12-декабрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Иш-чараны тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери уюштуруп, алардын чыгармачыл демилгеси өзгөчө жогорку деңгээлде ишке ашырылды.

Кечени мамлекеттик тил боюнча проректор профессор Назаркул Ишекеев ачып, жаштарга мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдө поэзиянын маанисин, кыргыз элинде поэзиянын, адабияттын мааниси канчалык чоң ролду ээлейт экендигин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен көрүнүктүү акын Алыкул Осмоновдун чыгармалары аркылуу студенттерди илим-билимге жана чыгармачылыкка умтулууга чакырды. Андан соң сөз институттун директору Туратбек Сырдыбаев берилип, ал студенттердин бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү демилгесин жогору баалап, аларды ар тараптан колдоого даяр экенин билдирди.

Поэзия кечесинин программасы ар тараптуу жана мазмундуу болду. Студенттер Чыңгыз Айтматовдун көркөм прозасынан үзүндүлөрдү жана Алыкул Осмоновдун жүрөк толкуткан ырларынан көркөм окуп беришти. Ошондой эле логикалык суроо-жооптор уюштурулуп, студенттердин тапкычтыгы текшерилди. Жандуу аткаруулар бий жана ыр менен коштолуп, студенттер тарабынан тартылган чакан видеоролик көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.

Иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар жамааты, коноктор жана студенттер катышты. Анын соңунда директор Туратбек Сырдыбаев иш-чараны уюштурган жана анда активдүү катышкан студенттерге, конокторго ыраазычылык билдирип, алардын келечектеги иштерине ийгиликтерди каалады.

Мындай маданий иш-чаралар университеттин жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтууда жана чыгармачылыкты өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин дагы бир жолу далилдеди.

(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары

Добавить комментарий