2024-жылдын 3-декабрь күнү биология факультетинин студенттери, профессордук-окутуучулар курамы Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата «Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борборуна барып келишти. Акциянын негизги максаты – борбордун тарбиялануучуларын колдоо жана жылуу маанай тартуулоо.

Студенттер менен окутуучулар балдарга керектүү азык-түлүк, кийим-кече жана белектерди алып барышты. Борбордун жетекчилиги факультеттин демилгеси, балдарга кам көрүүсү жана көңүл буруусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдиришти.

Иш-чараны уюштурууда активдүү катышкан факультет деканы Шафика Сулеймановага, профессордук-окутуучулук курамга, биотехнология багытынын магистранттары менен студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз!

(С) Н.А.Сагындыкова – ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий