2024-жылдын 6-декабрында кесиптик колледждин көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн окутуучулары Усенбаева Т.Т., Юсупова А.Т., Бакытбек к А. туризм багытында окуган студенттер менен мейманкана бизнесинин өзгөчөлүктөрү жана жогорку деңгээлдеги мейманканаларды башкаруу, таанышуу максатында уюштурулган окуу экскурсиясынын алкагында Бишкек шаарындагы престиждүү Sheraton беш жылдыздуу мейманканасына барышты.
Сапардын жүрүшүндө студенттер Sheraton брендинин ажырагыс бөлүгү болгон жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
Экскурсиянын программасында конокторго кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, ресурстарды башкаруу, ошондой эле коноктордун эс алуусун мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана эсте калаарлык кылуучу ички ашкана жана технологиялар сыяктуу мейманкананын ишинин ар кандай аспектилери сунушталды.
Бул экскурсия студенттер үчүн билимдерин өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программасындагы маанилүү этап болуп калды.
(С) Юсупова Асель – кесиптик колледждин окутуучусу




