2024-жылдын 4-декабрында Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинин гуманитардык-педагогикалык дисциплиналар бирикмесинин башчысы, педагогика жана психология дисциплиналарынын окутуучусу, мыкты лектор Айпери Абдиматова социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын студенттерине “Педагогикалык чеберчилик жана чыгармачылык” деген темада конок лекция өтүп берди.
Студенттер педагогикалык чеберчилик, ийгиликтүү мугалимдин сырларын жана сабакты өтүүдөгү мугалимдин жанычыл методдору тууралуу маалымат алышты.
Айпери Каныбековнага мыкты өткөн лекциясы үчүн институттун директору Камчыбек уулу Мырзабек жана жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы Гульмира Карабалаева ыраазычылык баракчасын тапшырышты.
Эскерте кетүүчү нерсе, Абдиматова А.К. КУУнун бүтүрүүчүсү.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

