2024-жылдын 2-декабрында тарых жана чөлкөм таануу институнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти Турдубек Шейшеканов Ала-Тоо Эл аралык университетинин жаңы технологиялар факультетинин студенттерине “Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аттуу конок лекция окуду.
Лектор тарыхий булактардын, документтердин негизинде алгачкы Кыргыз совет мамлекетинин түптөлүшү жана өнүгүшү тууралуу баяндап, өзгөчө көңүлдү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыз Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишенаалы Арабаевдин ишмердүүлүгүнө бурду.
Конок лекцияга студенттер менен бирге аталган университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору Семетей Абдрахманов, кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Алтынай Сайдалиева, окутуучулар Орозалиева Д., Дуйшеева Т., Акматова Р., Саматова Г., Эрдолатова Н. жана башкалар катышты.
Сабактын соңунда кызыктуу суроолор берилип, аргументтүү жооптор айтылды. Лектор конок лекцияны уюштургандарга жана студенттерге ыраазычылыгын билдирди.
(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары


