2024-жылдын 27-ноябрында кесиптик колледждин студенттери 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө карата Кыргыз улуттук “Манас” театрына барып келишти.
Аларды театрдын директорунун орун басары, төкмө акын Кубат Тукешов тосуп алып, театрдын жасалгаларынын мааниси, ишмердүүлүгү жана кыргыздын салтуу музыкасы, дастандары менен тааныштырды. Андан соң улуттук театрдын директору, манасчы Нурбек Талантбек уулу студенттер менен жолугушуп, “Манас” эпосу, театрдын алдыдагы максаттары тууралуу ой бөлүштү. Көөнөргүс эпостун индус, корей тилдерине которулган китептери, Араб эмиратында ачылган филиалы студенттерге чоң кызыгууну жаратты. Келечек муундарына ак жол, окууларында ийгилик жана бийиктиктерди каалоо менен ыктыярчы болууга, иштешүүгө чакырды.
(С) Токтакунова Медина – көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн окутуучусу






