2024-жылдын 29-ноябрында саат 15.00до Кыргыз филологиясы факультетинин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттерине кыргыз тилин бөтөн тилдүү аудиторияда окутуу, үйрөтүү боюнча Россия Федерациясынын Москва шаарындагы ММЛУнун эл аралык мамилелер жана коомдук-саясий илимдер институтунун КМШ өлкөлөрүнүн жана коңшу мамлекеттердин тилдери жана маданияттары кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент ХУЛХАЧИЕВА ЖЕҢИШКУЛЬ САМАТОВНА конок лекция окуп берди.
Лекцияны факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев студенттерге ХУЛХАЧИЕВА ЖЕҢИШКУЛЬ САМАТОВНАНЫ тааныштырып, андан соң доцент конокко сѳз берди. Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Э.Акунов Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ – МГЛУ) алдында Кыргыз тили жана маданияты борбору 2003-жылдын сентябрь айында ачылып, анда 2004-жылдан тарта кыргыз тилин жана маданиятын окуп-таануу боюнча иш жолго коюлуп, азыркы кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынан ф.и.к., доцент Жеңишкүл Хулхачиева Саматовна борбордун жетекчиси болуп дайындалганы, борбордун негизи максаты – Москвалык орус жана башка улуттун студенттерине кыргыз тилин экинчи чет тили катарында окутуу экендиги тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары 2004-жылдын 17-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен ММЛУнун (МГЛУ) ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлуп, анын негизинде эки жогорку окуу жайынын ортосунда ар түрдүү багытта иш-аракеттер жүргүзүлүп, 2004-2016-окуу жылдар аралыгында кыргыз тилин окуп жатышкан Москвалык студенттер үчүн Кыргызстанга үч жолу тилдик тажрыйба уюштурулганын, бул тажрыйбалардын бири Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткѳнүн белгиледи. Ошондогу эки университеттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде мугалимдердин адистигин жогорулатуу боюнча 2006-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин 15ке жакын мугалим адистигин жогорулатып, сертификатка ээ болушканын, бул иш чарага 2006-жылы бир айлык квалификацияны жогорулатуу курсунан кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Э.Акунов да ѳтүп келгенин айтты. Аталган иш чарага факультеттин деканы, доцент Б.Жайлообаев, кафедра башчысы Э.Акунов, профессор М.Жумаев, доцент Н.Осмонова, доцент А.Бешкемпирова, ага окутуучу М.Апышева, окутуучу А.Иймангазиева жана адистиктин студенттери катышты. Лекциянынын соӊунда факультеттин деканы баяндамачыга университеттин ректорунун атынан ыраазычылык кат тапшырып, илимпоздун ишине ийгилик каалап мындан кийин да кызматташууга чакырды.
Кыргыз филологиясы факультетинин «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде» адистигинин студенттерине кыргыз тилин чет мамлекеттик студенттерге окутуу, үйрөтүү боюнча лекция ийгиликтүү аяктады, лекция ѳз максатына жетти.
(С) Э.Б.Акунов – кафедра башчысы




