2024-жылдын 30-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин  жаңы курамын аныктоо”, “КУУга 2024-2025-окуу жылындагы кабыл алуунун жыйынтыгы” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Негизги маселелер каралаардан мурда ректор Улуттук университеттин соңку мезгилдеги жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берип, социалдык-гуманитардык илимдер институнунун 2-курс студенти Гүлбара Болотова 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында өткөн аба акробатикасы боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээлегенин, математика жана информатика институтунун 4-курс студенттери Алмазбеков Марат менен Кайрыев Байжигит 14-17-октябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн математика боюнча эл аралык студенттик интернет-олимпиадада 3-орунга ээ болушканын, экономиканын жогорку мектебинин 1-курс студенти Усман Ботобаев Россиянын элдердин достугу университетинде өткөн командалык сынакта 1-орунду ээлегенин, тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору Аниса Бикбулатова “Татар Автономдуу Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл” медалы менен сыйланганын, ал эми Азык Орозоновага экономика боюнча, Наргүл Осмоновага тил илими боюнча, Айнура Байтоковага педагогика боюнча “доцент” наамы ыйгарылганын кабарлады жана ийгиликке жетишкен студенттерге сыйлыктарын, ал эми окутуучуларга илимий наамдын аттестаттарын тапшырды.

Андан кийин Догдурбек Чонтоев “КУУнун Окумуштуулар кеңешинин  жаңы курамы” боюнча билдирүү жасады.

КУУга 2024-2025-окуу жылындагы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов отчет берди.

Отурумдун кийинки бөлүгүндө “Биология факультетин кайра уюштуруу жана оптималдаштыруу жөнүндөгү Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы токтомун жокко чыгаруу”, “КУУнун регионалдык бөлүмдөрүнүн структурасын өзгөртүү”, “КУУнун алдындагы коомдук фонддун уставын бекитүү”, “КУУнун окумуштуулар кеңештеринин жана комиссияларынын 2024-2025-окуу жылына календардык иш планын бекитүү”, “КУУнун билим берүүнүн сапаты жөнүндө кеңеши боюнча жобону бекитүү”, “КУУнун эл аралык институционалдык аккредитациялоо жол-жобосунан өтүшү”, “Кыргыз-Европа факультетинин профессору, экономика илимдеринин кандидаты Чынара Аламанованын “Банковские операции и услуги” аттуу окуу китебине Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова, биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева билдирүү жасашкан соң, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий