2024-жылдын 28-ноябрь күнү педагогикалык колледждин окутуучусу Жаңыл Нуруева Кыргыз улуттук агрардык университетинде заманбап билим берүүнүн актуалдуу багыттары боюнча конок лекция өтүп келди.

Сабакта билим берүү тармагында жасалма интеллект (AI) технологияларын колдонуу, анын ичинде интерактивдүү окутуу куралдарын ишке киргизүү, студенттердин жетишкендиктерин талдоо жана жеке мамиле түзүү мүмкүндүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутуучулар жасалма интеллекттин ар кандай платформаларын, анын ичинде окутууну жеңилдеткен жана эффективдүүлүгүн арттырган чечимдерди колдонуу жолдорун талкуулашты. 

Катышуучулар билим берүүдө AI колдонуу мугалимдердин убактысын үнөмдөп, чыгармачыл ыкмаларды ишке ашырууга шарт түзөрүн белгилешти. Мындан тышкары, лекцияда AI технологияларын колдонууда этикалык маселелер жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгы да козголду. 

Иш-чаранын максаты — Кыргызстандын билим берүү системасына инновацияларды киргизүү жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды туура пайдаланууга көмөктөшүү.

(С) Мадиярова Кенжайым – окутуучу

Добавить комментарий