2024-жылдын 22-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйындын башында ИТКнын төрагасы, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев кворумду текшерип, күн тартибин добушка коюп, ал бекитилгенден кийин, ИТКнын отуруму расмий түрдө ишин баштады.
Күн тартибинин биринчи маселеси болгон “Аспиранттардын/изденүүчүлөрдүн кандидаттык/докторлук темаларын жана илимий жетекчилерин/кенешчилерин бекитүү жана өзгөртүү” жөнүндө аспирантура бөлүмүнүн башчысы Нуржан Джумагазиева билдирүү жасады.
“Докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын жана илимий жетекчилерин бекитүү, о.э. кээ бир докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын өзгөртүү” жөнүндө PHD Докторантура бөлүмүнүн башчысы Досалы Иманбердиев айтып берди.
Отурумдун жүрүшүндө андан сырткары:
- Аспирантурада “Теплофизика и теоретическая теплотехника” 01.04.14 адистиги боюнча билим берүү программасын ачуу боюнча Усенканов Джумабай Осмонбекович баяндама жасады.
- Качкынова Аида Турдубековнанын “Ааламдашуу шартындагы конфликттердин философиясы” аттуу монографиясы басып чыгарууга сунушталды.
- Шисыр Исхар Сувазовичтин “Устное народное творчество дунган Центральной Азии: сказки, предания, легенды и рассказы” аттуу монографиясы басып чыгарууга сунушталды.
- Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын Scopus, Web of Science журналдарына жарыяланган макалалар үчүн төлөм жүргүзүү жөнүндө Мирлан Дылдаев айтып берди.
- “Суусамыр өрөөнүндөгү Caragana aurantiaca Koehne (Төө-Куйрук, Алтыгана-Карагана Оранжевая) азыркы учурдагы абалы жана аны сарамжалдуу пайдалануу” ички гранттын негизиндде аткарылып жаткан долбоор боюнча б.и.д. Усуппаев Адилет Кыдыкбекович отчёт берди.
- Ф-м.и.д, профессор Канетов Бекболот Эменовичти, т.и.д., профессор Кылычев Акылбек Мукаевичти жана т.и.д., профессор Омурова Жамыйкат Орозбековнаны, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акы алууга сунуштоо маселеси каралды.
(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти


