2024-жылдын 19-ноябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев факультет декандары жана институт директорлору менен кеңешме өткөрдү.
Жыйындын башында ректор Улуттук университеттин билим берүү программаларына Казакстандын Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агентствосу тарабынан берилген эл аралык рейтингдин жыйынтыктары тууралуу билдирүү жасап, 1-орунду алган программалардын жетекчилерине сертификаттарды тапшырды. Белгилей кетсек, аталган рейтингге КУУнун 15 бакалаврдык жана 10 магистрлик программалары катышты.
Ректор о.э. Улуттук университет 9-ноябрь күнү Азиянын санариптик билим берүү альянсына (AIGC) кошулгандыгын, буга чейин 3 жыл бою байкоочу болуп келгенин, Кыргызстан менен бирге Түркия, Иран жана Корея кошулгандыгын айтып, AIGC альянсына кирүү – Улуттук университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана академиялык алмашууларга жакшы шарт түзөөрүн баса белгиледи. Эң негизгиси – дүйнөдөгү университеттердин эң авторитеттүү рейтинги болгон Шанхай рейтингине кирүүгө өбөлгө түзөт.
Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Россиянын элдердин достугу университетинин (РУДН) академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү жана колдоо масатында уюштурган “RUDN Top Student Mobility” стипендиясына татыктуу болгон, аталган университетте окуп жаткан КУУнун магистранттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бир жолу берилүүчү стипендиянын өлчөмү 55 000 рубль.
Андан кийин, жыйындын катышуучулары 15-ноябрь күнү күтүүсүздөн каза болгон юридика институтунун административдик, каржылык жана маалыматтык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Молдоев Эдилбек Эсеновичти бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Кеңешменин жүрүшүндө о.э. университеттин окуу процессине, чарба иштерине жана тартип маселелерине байланышкан суроолор каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.