2024-жылдын 20-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Ботоноев тарых жана чөлкөм таануу институтунун тарых багытындагы 3-курс студенттерине “Кулакка тартуу” темасында ачык лекция окуду.
Сабактын жүрүшүндө Жолдошбек Ботоноев кулакка тартуунун тарыхы, анын өнүгүүсү жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Ал бул маселенин жана анын тарыхый ролунун адамзат коомундагы ордун баса белгилеп, студенттерге бул тарыхый тармактагы түшүнүктөрүн кеңейтти. Ачык лекцияда студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, иш жүзүндө кулакка тартуу боюнча ар түрдүү кызыгууларын талкуулашты.
Лекциянын аягында Жолдошбек Ботоноев студенттерге ыраазычылык билдирип, окуудагы ийгиликтерди каалап жана 25-ноябрдан 6-декабрга чейин ОшМУга академиялык мобилдүүлүк боюнча 4 студентке чакыруу берди.
(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары



