2024-жылдын 18-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун ФжСЭББ кафедрасы башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жана И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына арналган “Студенттен ректорлук кызматка чейин: Педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч. Исамидиновдун педагогикалык мурасы” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Конференциянын максаты – илимдин жана билимдин улуу устаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Чоңмурунович Исамидиновдун педагогикалык мурасын изилдөө, аны таанытуу жана жаш муундарга өрнөк болгон инсандык сапаттарын даңазалоо.
Институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновду студенттерге таанытууга багытталган илимий иш-чаралардын циклы алгач педагогикалык колледжден башталып, тандалган мыкты баяндамалар бүгүнкү конференцияда окулду.
Жыйындын ачылышында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев Искендер Исамидиновдун жетекчилик жана устаттык сапаттары тууралуу баяндама жасап, анын Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи.
Иш чараны ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова алып баруу менен институттун тарыхы, ишмердүүлүгү, иш-чаранынын мааниси жана максаттары тууралуу ой бөлүштү.
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акыны Мухаммед Султанов Искендер агайдын өрнөктүү өмүрү, жасаган эмгеги тууралуу, университеттин азыркы жетекчиси Догдурбек Чонтоевдин ишине да ийгиликтерди каалап ырдады.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер Искендер Исамидиновдун илимий ишмердүүлүгү, педагогикалык философиясы, эл аралык ишмердүүлүгү жана инсандык сапаттары тууралуу төмөнкү баяндамаларды жасашты:
- “И.Ч. Исамидиновдун илимий изилдөөлөрү жана алардын кыргыз педагогика илиминен алган орду” Сакышева Сезимай – 4-курс, Фок(б)-1-21 (филол.и.к., доц. Г.К. Исмаилова)
- “Студенттик жашоодон ректорлук кызматка чейин өткөн жол жана ал этаптагы маанилүү тажрыйбалар” Талгарбекова Анара – 2-курс, ФОк(б)-1-23 (п.и.к., доц. К.К. Сураналиева, окут. С.Т. Эсеналиева)
- “И.Ч. Исамидиновдун нарктуулугу жана жөнөкөйлүгү” Абакирова Элнура – 3-курс, ФОк(1)-1-22 (окут. Кубатбек кызы М.)
- “И.Ч. Исамидиновдун эл аралык ишмердүүлүгү” Нашатбекова Мырзайым – 3-курс, ФОк(б)-1-21 (филол.и.к, доц. Б.А. Мурасатов)
- “Кеп мезгилде эмес, мезгил каарманы боло алганда” Кылычбек кызы Айзат – 3-курс, ПНК-1-22(9) (ага окут. Э.Б. Нааматова)
- “Let’s keep the teacher’s name forever / Агайдын аты түбөлүк сакталат” Кенешбекова Аделина – 2-курс, ФОи(б)-1-23 (филол.и.к., доц. А.О. Абдимомунова )
- “Тоолордон башталган кадам” Абдыкалык кызы Марина – 2-курс, СП-1-23(9) (окут. С.Р. Асыранбекова)
П.и.к., доцент Сууракан Конгайтиева жана студенттер Искендер агайга арналган автордук ырларын окушту. Бул чыгармалар иш-чарага эмоционалдык жана руханий көрк кошуп, катышуучулардын жүрөгүн толкутту.
1. “Устат жана илимпоз” С.А. Конгайтиева – мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к.
2. “Искендер ата” Олжоева Жаңыл – 1-курс, ЛО-1-24
3. “Агайга” Шаршенбек уулу Кымбатбек – 4-курс, ФОк-1-21
4. “Искендер Исамидиновго арналат” Сакышева Сезимай – 4-курс, Фок(б)-1-21
5. “Мекен уулу” Талгарбекова Анара – 2-курс, ФОк(б)-1-23
И.Ч. Исамидиновдун илимий кеңешчиси, Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.д., профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Назаркул Ишекеев Искендер Исамидиновдун билим берүүдө жана муундарды тарбиялоодогу орду тууралуу эскерди.
ФжСЭББ кафедрасынын башчысы филол.и.к., доцент Зейнеп Кудайбергенова өз сөзүндө профессор Искендер Исамидиновдун институтту жетектеген учурундагы жетекчилик көрөгөчтүгүн жана билим берүү тармагындагы өрнөктүү эмгегин өзгөчө баса белгилеп өттү. Ал Искендер агайдын эмгеги институттун өнүгүшүнө гана эмес, жалпы педагогикалык коомчулуктун калыптануусуна олуттуу таасирин тийгизгенин терең ыраазычылык менен эскерди.
Агайдын жакындары – жубайы Бактыгүл эже жана уулу Нурлан – Искендер Чоңмуруновичтин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду, Улуттук университетке кылган астейдил мамилеси тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.
Институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновго арналган иш-чараларды өткөрүүдө өзгөчө жигердүүлүктү көрсөтүп жаткан педагогикалык колледждин жетекчиси Мирбек Шарабидиновдун жана анын жамаатынын ишмердүүлүгү да өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө арзыйт. Бул иш филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын жамааты тарабынан улантылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Бул иш-чара И.Ч. Исамидиновдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү келечек муун үчүн чыныгы үлгү экенин дагы бир жолу далилдеп, жаштарды, болочок мугалимдерди улуу устаттын өрнөктүү өмүрүн, баалуу ишмердүүлүгүн улантууга шыктандырып, мекенчилдик жана педагогикалык идеяларын жайылтты.
Конференциянын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүү уюштурулду.
(С) Айсулуу Эгамбердиева – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин илимий иштер боюнча орун басары