2024-жылдын 15-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгы белгиленди. Ага арналган Республикалык илимий-практикалык конференцияны ректордун атынан мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып берди.

Белгилүү тележурналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бейшенбек Мамбетакунов тарткан А.Токомбаев тууралуу даректүү фильмдин кыскача варианты көрсөтүлгөн соң, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кеңири жана мааниси терең сөз сүйлөп, улуу акын-жазуучунун чыгармачылык мурасы өз наркын эч качан  жоготпой тургандыгын баса белгиледи. Ал конференциянын ишине баштан-аяк катышып отурду.

Андан кийин коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл баатыры Медеткан Шеримкулов, Кыргыз эл акын-жазуучулары Сейит Жетимишев, Асан Жакшылыков, Акбар Рыскулов, Кайрат Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев чыгып сүйлөшүп, Аалы Токомбаевдин көркөм-адабий мурасынын көөнөрбөс нарктуулугуна назар салышып, коомдук-маданий ишмердүүлүгүндөгү олуттуу иштерин белгилеп өтүштү. М.Шеримкулов АалыТокомбаев менен Алыкул Осмоновго Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу сунушун киргизди.

Акындын туулган жеринен келишкен аксакалдар, интеллигенттер жана окуучулар да бул иш-чарага активдүү катышып, мектеп окуучусу акындын ырын көркөм окуп берди.

Конференцияга катышкандар үчүн профессор Аттокур Жапанов түзгөн үч томдук “Аалы Токомбаев” энциклопедиясы менен “Токтогул” аттуу романдын бет ачары жагымдуу жаңылык болуп калды. Романды эл жазуучусу Сейит Жетимишев, акын, жазуучу Нуралы Капаров жана А.Токомбаевдин үй-музейинин директору Рахат Абдыкеевалар даярдашып, жазуучунун небереси Алтын Токомбаеванын көмөгү менен басылып чыккандыгы белгиленди.

Конференциянын модератору жана уюштуруучусу, филология илимдеринин доктору, профессор, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакировдун айтымында илимий иш чарага 47 тема боюнча баяндамалар даярдалган. Ушул багытта пленардык бөлүмдө филология илимдеринин докторлору, профессорлор Садык Тиллебаев менен Курманбек Абакировдун баяндамалары да кызыктуу болду.  

(С) Сайра Исаева – кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к.

Добавить комментарий