2024-жылдын 12-ноябрь күнү 17-ноябрь студенттердин күнүнө карата 1-курстун студенттерин тосуп алуу аземи, салтанаттуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Иш-чарага КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев катышып, студенттерди майрамы менен куттуктады. Институттун директору Рахат Сулайманова да куттуктоо сөздөрүн айтып, мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге дем берип, ардак грамота менен ыраазычылык каттарды тапшырды.
Кечеде кафедра башчысы Зейнеп Кудайбергенова жана ага окутуучу Нурбек Файзуллаев, Алима Айдралиевалар катышып, куттуктоолорун айтып, мындан ары да билимдерин тереңдетүүгө, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө ар бир жаран милдеттүү экенин баса белгилешти.
Кече таланттуу студенттердин атайын даярдалган оюн-зоок, ыр- бий программасы менен коштолуп, болочок мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.
(С) Нусубалиева Н. – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин менеджери







