“Независимая агентство и рейтинга” (НААР) жарыялаган Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдынкы 30 окутуучунун рейтингине физика жана электроника факультетинен 2 окумуштуусу кирди. Алар:
- 1900 балл менен теориялык жана жалпы физика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору Урусов Р.М.
- 950 балл менен теориялык жана жалпы физика кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Бакирова Э.М.
Факультеттин, анын ичинде теориялык жана жалпы физика кафедрасынын жалпы жамааты окутуучуларынын ийгилиги менен сыймыктанат. Окутуучуларга чың ден соолук, дагы да эмгектенүүнү каалашат.
(С) Усенканов Дж.О. – теориялык жана жалпы физика кафедрасынын башчысы, доцент