2023-жылдын 22-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тилдин келечеги – жаштардын көз карашында” аттуу студенттик семинар болуп, студенттер Мамлекеттик тилдин келечегин өзүлөрүнүн адистигине байланыштырып доклад жасашты. Аталган иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.

Жыйындын соңунда факультет деканы Б.Жайлообаев доклад жасаган студенттерге сертификаттарды, ал эми дубал гезиттер сынагына катышкан группалардын жеңүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды.

1. Карыбек кызы Гүлпери – “Эл дөөлөтү – эне тил”

2. Мусаева Амалия – “Мамлекеттик тилди башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтүүдөгү өзгөчө ык-амалдар”

3. Бакиева Эльмара – “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү котормонун мааниси жана ыкмасы”

4. Асан уулу Нурсултан – “Интернет булактарындагы азыркы кыргыз тили”

Добавить комментарий