2024-жылдын 30-октябрында журналистика жана коммуникация институтунда «Эркин-Тоо» – алгачкы улуттук басылма. Осмонкул Алиев – туңгуч редактор» деген аталышта «Кыргыз Туусу» гезитинин 100 жылдык юбилейине карата илимий-практикалык конференция болуп өттү. “Журналистика” билим берүү программасы тарабынан уюштурулган иш-чараны институттун директору Ш.Костюк ачып, өз сөзүндө гезиттин коомдо ээлеген орду, ролу тууралуу айтып кетти.

Ошондой конференцияга ар жылдары “Кыргыз Туусу” гезитинде башкы редактор болуп эмгектенген Кыргыз эл жазуучусу, публицист, Ардактуу профессор А.Матисаков, Кыргыз эл акыны, журналист Ж.Саалаев, тарыхчы К.Молдокасымов, Кыргыз – Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Б.Орунбеков, «Кыргыз Туусу» гезитинин бүгүнкү күндөгү башкы редактору М. Тыналиев жана публицист М.Тентимишов катышып, гезиттин басып өткөн жолу, Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү ролу, орду, аткарган кызматы жана гезиттин жарык көрүүсүнө өз салымдарын кошкон О.Алиев баштаган тарыхый инсандардын жасаган эмгеги эскерилип, Осмонкул Алиевдин уюштуруучулук, агартуучулук жана журналисттик ишмердүүлүгү, басып өткөн жолу, тагдыры туурасында кеңири маалыматтар айтылды. 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн кыргыздын туңгуч улуттук басылмасы болгон «Эркин-Тоо» гезитинин ХХ кылымдын башындагы Орто Азиянын жана кыргыз элинин коомдук, маданий, агартуучулук, саясий жана экономикалык абалын чагылдыруудагы ролу, Осмонкул Алиевдин эмгеги баса белгиленди.

Андан тышкары илимий-практикалык конференцияга журналистика жана коммуникация институтунун профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер А.Халилов, КРнын санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу архив кызматынын төрайымы М.Алыбаева, Кыргыз филологиясы факультетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Ж.Чыманов, илимий-академиялык чөйрөнүн, массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү, О.Алиевдин жердештери, туугандары, институттун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, магистранттар, студенттер катышышты.

(С) Самара Рыскелдиева – магистрант

Добавить комментарий