2024-жылдын 25-октябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, доцент Айсулуу Эгамбердиева жана МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу Анаркан Эсенканованын жетекчилиги менен студенттер И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн «Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык технологияларды жана методдорду практикада колдонуу» аттуу студенттик илимий-практикалык конференцияга катышып, төмөнкү баяндамаларды окушту:

  • Суеркулова Дильнура (Пед-1-22): «Адаптивдик окутуу ыкмалары жана математикалык моделдер: заманбап аракеттер жана келечеги»; 
  • Кожоназарова Гулиза, Келдибекова Асель (Пед-1-22): «Математикалык изилдөөнүн негизинде татаал процесстерди визуализациялоо: жаңы ыкмалар жана инструменттер»; 
  • Омурзакова Чүрөк (ФМОм-1-23): «Санариптик билим берүүгө математикалык моделдердин ролу».

Жыйынтыгында, студенттердин баяндамаларынын ичинен мыкты деп ФМОм-1-23 тайпасынын студенти Омурзакова Чүрөк таанылып, 1-орунду жеңип алды жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Калган катышуучуларга да сертификаттар тапшырылып, алардын илимий-изилдөө иштерине кошкон салымы белгиленди.

(С) Айсулуу  Эгамбердиева –  ПКМДИнин директорунун илимий иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий