Билим берүү жана илим министирлигинин 31.03.2023 катынын негизинде практика жана карьера борборунун кызматкерлери Жыпар Шерматова, Эмил уулу Тенир жана Напасова Айдай 2024-жылдын 17-октябрында 5-окуу имаратында жайгашкан кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студентерине профилактикалык иш чара өткөрүп, Германиянын Билим берүү жана илимий изилдөө федералдык министерствосунун “ANABIN”  сайтына киргизилген Кыргыз улуттук университетинин билим берүү багыттарынын дипломдору Германияда таанылышы  боюнча айтып беришти. 

Германияга студенттерди жайкы жумушка жөнөтүү боюнча Кыргызстандын компаниялардын алдыңкы сап башында турган “ИнтерВоркЭксчейндж” компаниясынын директору Молдомамытова Эркайым, Гүлмира Сагынова чет өлкөгө жумушка кетүү үчүн студенттер эмнеге даяр болушу керектигин, тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн, жумуш менен бирге Европа бирлигине кирген мамлекеттерге саякаттого мүмкүнчүлүк болооруна кеңири токтолуп кетишти.

Жолугушуу студенттер үчүн кызыктуу жана маалыматтык мазмундуу болуп, суроо жооп форматында өттү. Жолугушуунун соңунда Жыпар Шерматова студенттерге чет өлкөгө кетээр алдында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигинин “Migrant.kg” сайтындагы маалыматтар менен таанышуга кеңеш берип, келген конокторго университеттин атынан ыраазычылык билдирди.

(С) Напасова Айдай –  ПжКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий