2024-жылдын 10-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Педагогикалык колледждин окутуучулары жана студенттери  Ата-Бейит” – улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине  барып келишти. 

Тарых мугалими Самат Джлолчиев: Басып ɵткɵн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн кайра жаралуусун, анын тʏптɵлʏшʏнʏн оңойго турбаганын кийинки муун сɵзсʏз билиши зарыл деген максат менен   Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жарлыгы, Кара кыргыз автономиялуу облусунун тузүлүшүнө салым кошкон улуу инсандар жөнүндө, тарых барактарында калган ата-бабалардын калтырган эмгектери боюнча кеңири маалымат берди.

(С) Айталиева Мираида – окутуучу

Добавить комментарий