Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутууучу курамы, кымбаттуу эжей-агайлар, доценттер жана профессорлор!
Сиздерди ар жылдын 5-октябрында белгиленүүчү кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мугалимдик кесип эң байыркы, эң ардактуу, эң сыймыктуу жана чоң жоопкерчиликтүү кесип. Анткени бул кесиптин ээлери келечек муундун өкүлдөрүнө татыктуу билим, тарбия берип, чоң турмушка аттандырат. Ошондуктан, коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдердин ээлеген орду бийик экенин эч ким тана албайт. Келечекке жол көрсөтүп, терең билим берип, дүйнөнү тааныткан насаатчы мугалимдерге карата урмат-сый, жылуу сезим ар дайым сакталып келет.
Соңку жылдары мамлекетибиз тарабынан мугалимдердин түйшүктүү, күжүрмөн, тынымсыз изденүүнү жана тынбаган аракетти талап кылган ак ниет эмгеги жогору бааланып, алардын кадыр-баркын жогорулатууга айрыкча көңүл бурулууда. Президентибиздин 2022-жылдын апрель айындагы мугалимдердин айлык акысын көтөрүү жөнүндөгү Жарлыгы өлкөбүздөгү мугалимдердин ишине бир топ стимул берди, социалдык жактан да колдоо көрсөтүлүп жатат. Мунун баары мугалимдердин коомдогу кадыр-баркынын өсүшүнѳ түрткү болууда.
Ардактуу кесиптештер!
Сиздерди Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктап, сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кетпеген бакыт, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу асыл ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди каалайм.
Эмгегиңиздердин канчалык кыйын, түйшүгү түмөн экендигин түшүнүү жана баалоо менен бирге кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнѳ карата 2024-жылдын 1-октябрынан баштап Улуттук университеттин мугалимдеринин айлык акысы 2500 сомго көтөрүлдү. Аз болсо да көптөй көрүп, мурдагыдай эле жоопкерчилик, энтузиазм жана чын дилиңиздер менен жаш муундарга билим берип, тарбиялай бересиздер деп терең ишенем.
Баарыныздарга терең ыраазычылык. Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Кесиптик майрамыңыздар менен!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Догдурбек Чонтоев
