Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери, магистранттары, аспиранттары, бүтүрүүчүлөрү жана профессордук-окутууучу курамы менен кызматкерлери!
Баарыңыздарды өлкөбүздүн эң маанилүү майрамдарынын бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана ага удаалаш келген Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мындан 33 жыл мурун Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү жарыяланып, өлкөбүздүн тарыхында жаңы барак ачылды жана өз алдынча өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүнкү күндө баарыбыз көз карандысыз, саясий-экономикалык жактан өнүккөн, туруктуу өлкөнү курууга багытталган тарыхый миссияны аткарып жатабыз. Биз өлкөбүздүн өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн күн сайын салым кошуп, бардык күч-аракетибизди жумшап, ата-бабаларыбыздын руханий мурасын улантып, өлкөбүздү келечек муундар үчүн сактап калышыбыз керек. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана Кыргыз Республикасын динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөгө айландырабыз.
Бул жылкы майрам – өзгөчѳ майрам. Анткени ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы болуп берген Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен дал келип отурат. Президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушуна зор салым кошкон улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевге “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген наам ыйгарылды. Бул кишилерди эстеп жүрүү – баарыбыздын парзыбыз.
Урматтуу кесиптештер жана студенттер!
Улуттук майрамыбызга удаа келген Билим күнү – окуу жайыбыздын босогосун аттаган ар бир студенттин сапаттуу билим алып, кесипкөй адис болуп чыгышына жана билим, жакшы баалар, жаңы бийиктиктерди багындырууга багытталган күрөштүн башталышы! Билимдүү жаштар – өлкөбүздүн келечеги, улутубуздун уңгусу жана өлкөбүздүн байлыгы. Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү – туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы.
Студенттердин татыктуу жана сапаттуу билим алышы үчүн Улуттук университет эл аралык жана жергиликтүү аккредитациялардан ийгиликтүү өтүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап, бардык шарттарды түзүүдө. Көптөгөн окутуучуларыбыз жана адистерибиз алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатып келишти.
“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” демекчи, анын ысык-суугуна чыдап, күн-түн дебей китепти колунан түшүрбөй окуп, изденгендерге ийгилик жылмайаары шексиз. Андыктан, кыйынчылыктардан коркпой, өзүңөргө ишенип, билимге умтулгула. Ошондо гана алдыга койгон ой-максат, тилектердин баары орундалат. Окуу силер үчүн жеӊил жана пайдалуу болуп, сабактар жадатма эмес, кызыктуу болсун!
Урматтуу кесиптештер жана кымбаттуу жаш достор!
Кирип келген жаӊы окуу жылында баарыӊыздарга ийгиликтерди каалайм! Бул окуу жылы баарыбызга жагымдуу сезимдер менен жаңы көз ирмемдерди алып келсин! Сиздерден ар дайым билимдин бийик чокуларына умтулууну, жаңы ачылыштарды жаратууну күтөм жана жаңы окуу жылында ден-соолук, ийгилик менен жеңиш алып келген куттуу күндөрдү, аманчылыкты каалайм!
Сиздерди дагы бир жолу кирип келе жаткан удаалаш майрамыныздар менен куттуктап, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалап, өзгөчө статус алган университетибиздин күндөн-күнгө өсүп, өнүгө беришине тилектешмин.
Сиздердин интеллектуалдык жана чыгармачыл дараметиңиздерге, университеттин калыптанып келе жаткан материалдык-техникалык базасына жана, эң негизгиси, – окутуучуларыбыздын демилгелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен биздин университет Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын көч башында болуп, зор ийгиликтерге жетише берээрине терең ишенем.
Майрамыңыздар менен!
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору,
УИАнын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор
Төлөбек Абдырахманов
