Октябрь айынын биринчи жумалыгы биздин университет үчүн эки маанилүү окуя менен белгиленет.
1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнү, ал эми 5-октябрь – Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнү. Ушуга байланыштуу, КУУнун ректораты жана Кесиптик бирлик комитети мугалимдерибизди, устаттарыбызды, пенсия курагындагы улук муундун өкүлдөрүн куттуктап, алардын эмгегин жогору баалайт. Сиздердин көп жылдык тажрыйбаңыздар студенттерди тарбиялоо жана кесиптештердин деңгээлин жогорулатуу үчүн абдан маанилүү.
Кыргызстанда мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы биринчи жолу СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1965-жылдын 29-сентябрындагы Указы менен белгиленген – ал “Мугалимдер күнү” деп аталган. СССР доорунан өлкөбүз көз карандысыздыкка жеткенден кийин, бул майрам октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келген. 2014-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү 5-октябрда белгиленет,
Бул майрам – жергиликтүү билим берүү тармагында эмгектенген бардык кызматкерлерге таандык: балдар бакчаларынын тарбиячыларынан баштап, орто мектептердин, лицейлердин мугалимдери, колледждердин, кесиптик окуу жайлардын окутуучулары, жогорку окуу жайларынын педагогдору, мектептен тышкаркы жана башка тарбиялоо мекемелеринин педагогдору, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (анын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык билим берүү башкармалыктары) кызматкерлери – бул майрамды биргелешип белгилешет.
Жакындап келе жаткан майрам – бул биздин университеттин миңдеген жамаатына, профессордук-окутуучулар курамына, административдик жана тейлөөчү кызматкерлерге, чарбалык персоналга алардын талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирүүгө жакшы себеп. Университеттин негизги максаты – улуттук идеяларды ишке ашыруучу жана улуттук интеллигенцияны калыптандыруучу борбор болуу, студенттердин мекенчилдик сезимин, коомдук жана жарандык жоопкерчилигин, салттуу руханий жана моралдык баалуулуктарга берилгендигин тарбиялоо, аларды өз кесиптеринде Кыргызстандын келечегин аныктай турган адис кылып даярдоо.
КУУнун ректорат жана Кесиптик бирлик комитети сиздерге бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык, өсүп-өнүгүү жана үй-бүлөлүк бакыт каалайт!
(C) КУУнун ректораты, КУУнун Кесиптик бирлик комитети