2024-жылдын 30-сентябрында чет тилдер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Ага институттун окутуучулар жамааты, студенттер, бүтүрүүчүлөр  жана ата-энелер катышышты.

Алгач институттун директору Кенжебай Уметов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалады жана аземге катышкан ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди.

Андан кийин бүтүрүүчүлөгө арнап институттун жаштар комитети тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланды.

Лингвистика бөлүмүнөн магистратураны 7 студентибиз аяктаса, анын ичинен 2 студентибиз кызыл диплом менен аякташты. Лингвистика (корей тили) бөлүмүн 13 студент аяктап, анын ичинде 2 студентибиз кызыл дипломго ээ болушту. Лингвистика (англис тили) бөлүмүн 40 студентибиз аяктаса, котормо жана котормо таануу (англис тили) бөлүмүн 19 студентибиз ийгиликтүү аякташты.

(С) Б.Кармышева – чет тилдер институтунун тарбиялык  иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий