2024-жылдын 30-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө эл аралык котормочулар күнүнө карата “Котормочулар – көмүскөдөгү баатырлар” аттуу маданий-иш чара болуп өттү.
Иш-чарага конок катыр филология илимдеринин доктору, акын, котормочу Аида Эгембердиева катышты.
Жыйынды бөлүм башчысы Бурул Элебесова ачып, кесиптештерин жана студенттерди куттуктады. Ал өз сөзүндө котормо жана котормочулар тууралуу кеңири маалымат берип, котормочулар көмүскөдөгү баатырлар экенин мисалдар менен айтып өттү. Алсак, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” эмгегин которгон Төлөгөн Козубеков жана Шота Рсутавелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын которгон Алыкул Осмонов ж.б. ушул сыяктуу белгилүү котормочуларды санап өттү.
Андан соң факультет деканы Бактыбек Жайлообаев сөз сүйлөп, англис жана кыргыз тилиндеги котормочулук кесибинин Улуттук университет, кыргыз филологиясы факультети, анын ичинен котормо жана котормо таануу адистигинин студенттери жана окутуучулары, о.э. жалпы кыргыз эли үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш-чара котормочу Аида Эгембердиеванын ишмердүүлүгү боюнча уланды. Лектор студенттер менен котормочулук ишмердүүлүгүндө кездешкен кыйынчылыктар жана аларды жеңүүнүн жолдору, котормочулук кесиптин учурдагы ролу жана келечеги тууралуу айтып берип, өзүнүн эмгектерин тааныштырды. Студенттер котормочулук кесибине байланыштуу көптөн бери аларды ойлонтуп келген суроолорун узатышып, конок-лектордун жеке жашоо жолундагы мисалдар менен кызыктуу жоопторун, келечекте аларга жол көрсөтө турган насаатын жана каалоо тилектерин угушту.
Жогоруда аталган группалар 30-сентябрь Эл аралык котормочулар күнүнө карата уюштурулган “Translators are the shadow heroes” (Котормочулар – көмүскөдөгү баатырлар) аталышындагы кыргыз жана англис тилдеринде онлайн эссе жазуу жарышына катышышып, мыкты эсселердин авторлору байгелүү орундарга ээ болушту.
I орун: Рускулбек кызы Жазми (ККТ-1-22группасынын студенти);
II орун: Нурланбек кызы Назбийке (ККТ-1-21 группасынын студенти);
III орун: Жээнбекова Асылай (ККТ-2-23 группасынын студенти).
Орунга ээ болгон туденттерге Аида Эгембердиева жылуу каалоо тилектери менен алдын ала даярдалган белектер жана дипломдорду өз колу менен тапшырды. Эссе жарышына жана жолугушууга катышкан бардык студенттер жана окутуучулар конок-лекторго ыраазычылык билдиришти.
Программага бөлүмдүн окутуучулары п.и.к., доц. Сыдыкбаева Б.Ш., PhD. Идаева А.Б., улук окут. Молдобаева А.Т., окут. Усупбаева А.Р., окут. Тилабердиева С.Б. жана окут. Апас к П. жана бөлүмдүн Котормо жана котормо таануу адистигинин ККТ-1-21, ККТ-1-22, ККТ-2-23, ККТ-1-24, ККТ-2-24 группалары менен Лингвистика (түрк тили) багытынын 1-курстарынын ЛТ-1-24группасынын студенттери катышышты.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доц.




