2024-жылдын 24-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев юридикалык институт менен юридикалык колледж жайгашкан №2 жана №10, студенттерди тейлөө борбору, экономиканын жогорку мектеби, менеджмент жана бизнес институту менен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети жайгашкан №8-окуу имараттарында болду. Ректор аталган объекттердеги дарсканалар, компьютердик класстар, лабораториялар жана №8-окуу имаратынын 4,5-кабаттарында жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, студенттер жана окутуучулар менен жолугушту.

Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев, юридикалык колледждин башчысы Данияр Жумалиев, экономиканын жогорку мектебинин башкы адиси Назира Сулайманова жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева айтып беришти.

Кыдырууда ректорду чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев коштоп жүрүштү.

№2-окуу имараты

№10-окуу имараты

№8-окуу имараты

Добавить комментарий