2024-жылдын 23-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев №4-окуу имаратына барып, ал жерде жайгашкан Конфуций институту, Жибек Жолу институту жана кыргыз-кытай институтунун дарсканалары, лабораториялары, компьютердик класстары менен таанышып, студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.

Өздөрү жетектеген түзүмдөрдөгү аткарылып жаткан иштер, окуу программалары жана келечек пландары тууралуу ректорго Конфуций институтунун кытай тараптан директору Чен Чжигуо мырза менен кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева, Жибек Жолу институтуну директору Субай Анарбек мырза жана кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева айтып беришти.

Кыдыруунун жүрүшүндө жетекчилер о.э. окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу сөз кылып, аларды чечүү боюнча сунуштарын айтышты.

Жолугушууга о.э. административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов катышты.

Добавить комментарий