2024-жылдын 9-июль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “Математика жана информатика факультетинде КУУнун Стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылындагы аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Физика жана электроника факультетинде КУУнун Стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылындагы аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Кесиптик колледжде КУУнун Стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылындагы аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, билим берүүнүн отличниги Колопов Альберт Сексенбаевичке “КУУнун ардактуу профессору” наамынын аттестатын тапшырып, мантиясын кийгизди.

Андан кийин, өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов жана кесиптик колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу отчет беришти.

Отурумдун жүрүшүндө Улуттук университеттин күнүмдүк турмушуна байланыштуу башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий