2024-жылдын 29-июль күнү 1-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин колледждерине өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.
Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган колледждердин техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууга киришти.
Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу ушул жуманын этегине чейин жүргүзүлөт.
1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Эскерте кетсек, ЖРТнын жыйынтыгы менен КУУнун факультет/институттарына өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу да уланууда.