Бүгүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды. Ал 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контракттык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитуриент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

  • Кыргыз улуттук университети – 3552,
  • Ош мамлекеттик университети – 2951,
  • Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,
  • Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
  • Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
  • Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.

(С) Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Добавить комментарий