2024-жылдын 5-июль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУнун эл аралык мамилелеринин абалы жана келечеги”, “Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Тарых жана чөлкөм таануу институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, илимий иштери боюнча проректор Назаркул Ишекеев ички гранттарга негизделген илимий-изилдөө долбоорлорунун сынагынын жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жасап, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов кесиптик билим берүү программаларын ачуу жөнүндө маалымат берди, ал эми инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова КУУнун алдындагы эл аралык колледждин жобосу тууралуу маалымат берип, аталган документ бекитилди.

Андан кийин, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов юридикалык институттун укук таануу жана бажы иши  кафедрасынын доценттери Сарсеитова Нуржамал Шамшыбековна, Керимканова Жаныл Жусуповна, Ибраимов Рахатбек Турсанович тарабынан даярдалган “Мировые системы экспортного контроля” аттуу окуу куралына, ошол эле кафедранын доценттери Сарсеитова Нуржамал Шамшыбековна, Керимканова Жаныл Жусуповна тарабынан даярдалган “Классификация и идентификация товаров двойного назначения” аттуу окуу куралына, доцент Сарсеитова Нуржамал Шамшыбековна тарабынан даярдалган “Экспортный контроль в Кыргызской Республике” аттуу окуу куралына, доценттер Жантаева Гульмира Гульжигитовна, Ибраимов Рахатбек Турсанович, Ормонова Алина Анарбековна тарабынан даярдалган “Таможенные платежи” аттуу окуу китебине, кылмыш-жаза  процесси жана соттук экспертиза  кафедрасынын профессору Сманалиев Кынатбек Мойнокович, доцент Маматкулов Азамат Токтосунович тарабынан даярдалган “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жугүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизди.

Кыргыз филологиясы факультетинин профессору А.Жапановдун “Жусуп Баласагын” аттуу эциклопедиясын басмага сунуштоо жөнүндө илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев билдирүү жасады. Ал о.э. докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо боюнча маалымат берди.

Отурумдун андан аркы бөлүгүндө өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нургүл Казак кызы, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев жана социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Мырзабек Камчыбек уулу отчет беришти.

Добавить комментарий