2024-жылдын 27-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУда жаштар саясатын жана спортту активдештирүү иштери”, “КУУнун жатаканаларын жакшыртуу маселелери”, “Биология факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Орус жана славян филологиясы факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.
Алгач, кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов 2024-2025-окуу жылына абитуриенттер үчүн тейлөө кызматынын тарифтери тууралуу малымат берип, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо жөүндө билдирүү жасады.
Андан кийин жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу “КУУда жаштар саясатын жана спортту активдештирүү иштери” боюнча отчет берди.
КУУнун жатаканаларын жакшыртуу маселелери боюнча административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов билдирүү жасады.
Отурумдун андан аркы бөлүгүндө өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова менен орус жана славян филологиясы факультетинин деканы Нурайым Сардарбек кызы отчет беришти.
Отурумдун жүрүшүндө о.э. окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов “2024-2025-окуу жылында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин билим берүү программаларын эл аралык, улуттук жана институционалдык аккредитациялоо жол-жоболорунан өтүү жөнүндө” маалымат берди.
