КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде “550700 – Педагогика» багыты боюнча “Бакалавриат билим берүү системасында окутуунун натыйжаларын калыптандыруу жана окуу пландарын өркүндөтүү”  аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты:

  • билим берүү процессин өркүндөтүү жана билим берүү тармагында жогорку квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
  • студенттердин тандап алган кесибине болгон кызыгуусун арттыруу;
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун аймактык бөлүмдөрү менен башка ЖОЖдордун ортосундагы кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү.

Тегерек столдо аталган багыт боюнча жумушчу окуу пландын вариативдик бөлүгү талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан сунуштар берилди.

(С) Садырбаев Бактыбек – инженер-программист

Добавить комментарий