2024-жылдын 16-май күнү башкы имаратта Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан “Ачык эшиктер күнү” жана “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси” өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты: “Ачык эшиктер күнүнѳ” келген мектеп окуучуларынын арасында профориентациялык иштерди жүргүзүү жана “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси” аркылуу жумушсуз  жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү.

Жарманкеге 40тан ашуун ири компаниялар катышып, Бишкек шаары боюнча 4500дөн ашуун бош жумуш орундары сунушталды.

Мындан тышкары, Бишкек шаары менен Чүй областынын мектептеринен келген бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесибин жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого жардам берүү максатында “Ханой мунарасы”, “Ыкчам кыноо”, “Аракет кыл 5!” сыяктуу профориентациялык оюндар, мастер-класстар, о.э. кесипке багыт берүүчү тестирлөө өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын кеңешчиси Кубатбек уулу Доорон чыгып сүйлөшүп, мектеп бүтүрүүчүлѳрүнѳ арналган гелий шарларын асманга учурушту. Доорон мырза о.э. Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы, о.э. жигердүү коомдук ишмердиги үчүн И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулаймановага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.

Добавить комментарий