2024-жылдын 10-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “2023-2024-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиясынын жыйынтыгы”, “Юридикалык институтта КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Химия жана химиялык технология факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.
Алгач, экономиканын жогорку мектебинин доценттери, э.и.к. Назгүл Баймурзаева менен Жылдыз Мырзахматовага, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун доценти, ф.-м..и.к Нурила Байгазиевага “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери талапкер тууралуу маалымат берген соң, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү QR-код аркылуу аларга жашыруун добуш беришти.
Андан кийин, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова менен Россия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Сергей Корсаковго “Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев профессор Эсенбек Мамбетакуновдун “Табигый илимий билим берүүнүн психодидактикасы” аталышындагы илимий мектебин ачуу, КУУнун окумуштууларынын докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарын дайындоо жөнүндө билдирүү жасады.
Инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова “КУУда Япониянын санариптештирүү университетинин филиалын түзүү” жана “Эл аралык колледж түзүү” жөнүндө баяндама жасады.
Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов “КУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча саясатты бекитүү” жөнүндө билдирүү, ал эми “2023-2024-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиясынын жыйынтыгы” тууралуу баяндама жасады.
Өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу юридика институтунун директору Кынатбек Сманалиев, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект интитутунун директору Амантур Рыспаев, химия жана химиялык технология факультетинин деканы Роза Сарымзакова отчет беришти.
Отурумдун жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. юридикалык институттун магистратура борборун жоюу жөнүндө жана КУУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы кызматына Мирбек Айтымбетовду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алышты.