2024-жылдын 5-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы, өнүктүрүү пландары”, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Кыргыз филологиясы факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, ю.и.к., граждандык жана эмгек укугу кафедрасынын доценти Улан Андашевге, ю.и.к., кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын доценттери Эльмира Болотбекова менен Бахтигуль Сармановага жана ф.и.к., кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти Айнура Бешкемпировага “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери жана кесиптештери талапкерлер тууралуу маалымат берген соң, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү QR-код аркылуу аларга жашыруун добуш беришти.

Андан кийин, Россиянын элдердин достугу университетинин (РУДН) филология факультетинин деканы, белгилүү эл аралык журналист, ф.и.д., профессор Виктор Владимирович Барабаш мырза менен “Келечекке салым” кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Петр Григорьевич Положевец мырзага “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү “Кесипкөй адистерди даярдоодо жогорку деңгээлдеги активдүүлүгү, кесипкөйлүк чеберчилиги жана ак ниет эмгеги үчүн, о.э. “Кыргыз улуттук университетинин күнүнө” карата экономиканын жогорку мектебинин директору Эркин Кулова менен ЭЖМдин “Банктык иш жана салык салуу” кафедрасынын башчысы Бактыгүл Есеналиеваны аталган кызматтын “Салык кызматташтыгын чыңдоо үчүн” медалы, аталган кафедранын доценти Тамара Имаралиева менен ага окутуучусу Оксана Царёваны МСКнын ардак грамотасы, ал эми ага окуутучусу Гүлай Буйлашованы МСКнын грамотасы менен сыйлашты.

Андан кийин, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим берүү программаларын ачуу”, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин грантына илимий-изилдөө иштеринин конкурсу жөнүндө жобону бекитүү”, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгүл Базакеева “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аброюн коргоо жана сактоо  боюнча комиссиянын жобосун бекитүү”, германистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын башчысы Памира Кадырбекова «Европа жана Борбордук Азия: Билим берүү, илим жана экономика» («Европа и Центральная Азия»: Образование, наука и экономика) журналын басып чыгаруу” жөнүндө билдирүү жасашты.

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев физика жана электроника факультетинин  теориялык жана жалпы физика кафедрасынын мугалимдери проф. Кененбаева Г.М., доц. Бакирова Э.М., преп. Бакирова Н.М., доц. Аскар к. Л. тарабынан даярдалган «Динамикалык системалар теориясында эффекттер менен кубулуштарды издөө методикасы жана алгоритмдери» окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизип, докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарды дайындоо тууралуу маалымат берди.

Отурумдун андан аркы бөлүгүндө мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан “КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы, өнүктүрүү пландары” тууралуу баяндама жасады.

Өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгүл Базакеева менен кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев отчет беришти.

Отурумдун жүрүшүндө о.э. чет тилдер институтунун структурасы бекитилип, ректор КУУнун айрым кызматкерлерине “Илимдин кандидатынын дипломун” тапшырды.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгүл Базакееванын отчету

Добавить комментарий