2025-жылдын 5-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) жетекчилери жолугушуп, биргелешкен ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев УТРКнын жаңы дайындалган жетекчиси Улан Сатиевди куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана маалыматтык байланыш багытында кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендигин баса белгилешип, медиа тармагы үчүн жаш кадрларды даярдоо, практика жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды талкуулашты.

Добавить комментарий