2024-жылдын 26-январында 5-окуу имаратындагы Манас өргөсүндө 2023-жылдын 1-сентябрынан 30-декабрына чейин академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча “Маданияттар аралык баарлашуу” предметинен онлайн билим алышкан кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттерине сертификаттар тапшырылды.
Алгач факультет деканы Бактыбек Жайлообаев сөз сүйлөп, азыркы учурда академиялык мобилдүүлүк боюнча университетте жигердүү иштер жүрүп жаткандыгын айтты. Ал эми академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова аземге катышкан студенттерге академиялык мобилдүүлүк боюнча кеңири маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Иш чарага о.э. түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова катышты.
Эскерте кетсек, Улуттук университет менен Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашкан академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн төмөндөгү студенттери 2023-жылдын 1-сентябрынан 30-декабрына чейин “Маданияттар аралык баарлашуу” предмети боюнча онлайн билим алышкан:
1. Колдошова Альбина
2. Муратбек кызы Жамила
3. Жайлобаева Аяна
4. Таштанбекова Жыпара
5. Сейиткулова Сирена
6. Шакирбек кызы Тамара.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы