2024-жылдын 22-январында тарых жана чөлкөм таануу институнда, математика жана информатика, орус жана славян факультеттеринде педагогикалык практиканын алдындагы конференция болуп өттү.

Тарых жана чөлкөм таануу институнун 3-курс студентеринин 22-январдан 17-февралга чейин педагогикалык практикага чыгышына арналган конференцияга практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев, жетектөөчү адиси Акбермет Саматали кызы, педагогика жана психология кафедраларынын ага окутуучулары Динара Айтымбетова, Урмат Алыкулов, Замира Джунушалиева, Динара Кудайбергенова, окутуучусу Камила Турдубаева, ТжЧТ институттунун директорунун орун басары Гүлзат Чодолдоева, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы Майрам Асипбаева, доценттери Турдубек Шейшеканов, Мурат Иманкулов, Бермет Алимова, Назира Момошева, ага окутуучулары Айгерим Эсенбаева менен Махабат Султангазиева катышып, студенттерге практиканын жаңы талаптары жөнүндө жана практиканын күндөлүктөрүн толтуруу эрежелерин түшүндүрүп, студенттерге ийгилик каалашты.

Математика жана информатика информатика факультетинин математика багытынын 3-курс студенттеринин педагогикалык практикага чыгышына арналган конференция 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында болуп өттү. Жыйынга практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев, жетектөөчү адиси Акбермет Саматали кызы жана аталган факультеттин деканы Изат Усенов, доценттери Гүлнара Мунапысова, Гүлмира Исраилова жана педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Самара Нурбекова катышты. Алар студенттерге практиканын жүрүшү, талаптары практиканын жетекчилери жана кайсы жактарга бөлүнгөндүгү тууралуу маалыматтар берип, студенттерге ийгиликтерди каалашты.

Орус жана славян факультетиндеги филология багытынын студенттеринин 7 жумалык илимий-изилдөө практикасына жана 6 жумалык педагогикалык практикасына арналган конференцияга практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев, факультет деканы Нурайым Сардарбек кызы, кафедра башчысы Б.Дюшебекова, Г.Чепекова, доцент А.Абылова, психология кафедрасынын доценти Г.Байгажанова катышты. Конференцияда студенттерге практиканын жүрүшү, шарттары жана талаптары тууралуу маалыматтар берилип, студенттерге ийгилик каалашты.

(С) Саматали кызы Акбермет – ПжКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий