2023-жылдын 19-декабрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чет тилдер факультетинин жамааты менен жолугушуп, аталган түзүмдүн кадрдык камсыздоосу, факультет студенттери менен окутуучуларынын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен окуу программалары, жаӊы багыттар, түзүм окумуштууларынын илимий эмгектеринин Scopus базасында индекстелген журналдарда жарыяланышы, эл аралык байланыштары, гранттарды утуп алышы, илимий проекттерге катышуусу боюнча атайын комиссия тарабынан даярдалган маалымат менен тааныштырды жана бул көрсөткүчтөр боюнча факультеттеги кемчиликтерди баса белгилеп, аларды тез арада жоюу милдетин койду. Ректордун айтымында, чет тилдер факультети университеттеги алдыңкы факультеттердин бири болуш керек.

Жыйындын жүрүшүндө Төлөбек Абдырахманов о.э. жыйындын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, окуу башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кыдыралиев,  пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова жана юридикалык бөлүмдүн начальниги Рустиван Токтоналиев катышты.

Добавить комментарий