2023-жылдын 11-декабрь күнү компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттеринин демилгеси менен түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Салия Кыдырмаева менен биргеликте «Айданек» өспүрүм балдарды реинтеграциялоо борборуна барышып, кайрымдуулук көрсөтүп келишти.
Студенттер өздөрү топтогон каражатка сүрөт тартууга керектүү шаймандарды алышып, өспүрүмдөргө жаңы жылдык белек катары тапшырышты. Акциянын жүрүшүндө болочок IT-адистер өспүрүмдөргө сүрөт тартып, оригами жасоону да үйрөтүштү.
Андан кийин студенттер карылар үйүнө бет алып, ал жерде жашаган карыяларга өспүрүмдөр тартып берген сүрөттөр менен оригами жасалмаларын, о.э. чакан белектерди тапшырышты. Карыялар КУУнун студенттерине аз да болсо жаңы жылдык маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.
(С) Кыдырмаева Салия – тарбия иштери боюнча директордун орун басары