2023-жылдын 8-декабрында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун конференц залында “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү. Иш-чарага институттун окутуучулук-профессорлор курамы катышты.
Семинарды Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D, АКШнын Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин доценти Урмат Тыналиев өттү. Ал илимий маалымат базалары менен иштөөнүн ыкмалары, илимий макалаларга шилтеме берүү жана анын көрсөткүчтөрү боюнча кызыктуу баяндама жасап, сунуштарын берди.
Scopus, Web of Science, Google Scholar, РИНЦ маалымат базаларындагы басылмаларга макалаларды чыгаруу жаатында максаттуу өткөрүлүп жаткан бул иш чаралар окутуучулук-профессорлор курамынын маалымдуулугун жана активдүүлүгүн жогорулатууга мыкты түрткү берет деген ишеничтебиз. Университетибиздин келечегине кайдыгер карабаган, идеяга бай, татыктуу долбоорлорду ишке ашырууга кадам таштаган жалпы жамаатка ийгилик каалайбыз.

(С) Амантур Рыспаев – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору

Добавить комментарий