2023-жылдын 8-декабрында башкы окуу имаратындагы санариптик технологиялар борборунда улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган видеороликтер сынагынын жыйынтыктоочу этабы болуп ѳттү.
Иш-чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соӊ сынакка келип түшкөн 20дан ашык видеороликтер көрсөтүлдү.
Курамына “Кыргыз тили” газетасынын башкы редактору Дүйшөн Керимов (төрага), Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кутмырза Жакыбалиев, ЭЛТР телеканалынын журналисти, КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын ээси Аида Шакенова, КУУнун басма сөз кызматынын башчысы Жээнбек Эралиев жана КУУнун мамлекеттик тил секторунун башчысы Динара Мырзагулова кирген калыстар тобунун чечими менен орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун: Журналистика факультети
2-орун: Юридикалык колледждин ЮК-18-23 тобу
3-орун: Тарых жана чѳлкѳм таануу факультети
Кызыктыруучу сыйлыкка 2 орун берилди. Алар:
- Юридикалык колледждин 2-курс студенттери
- ЮК-1-23 тобу.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн КУУнун айрым кызматкерлерине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды.
“Кыргыз тил” төш белгиси менен:
1. Толебаева Фарида Эркинбековна – академиялык саясат жана окуу процессин уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси;
2. Турдубаева Назгуль Шаршеналиевна – кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти;
3. Мырзанаева Медина Кененбаевна – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу.
Ардак грамота менен:
1. Керималиева Венера Жапаровна – менеджмент жана башкаруу институтунун окуу иштери бюнча директорунун орун басары;
2. Эгембердиев Эркинбек Ботобекович – басма сөз кызматынын адиси.