2023-жылдын 6-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети группалар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана чыңдоо максатында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Акыл майданы” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүп, ага 13 команда ынтызаарлык менен катышып беришти.
Калыстар тобуна доцент Издевалды Искаков, Чолпонбек Сыдыкбаев жана Айбек Кулназаров агайлар кирип, доцент Гүлсайра Нурматова, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек баштаган бир катар окутуучулар каалоо сөздөүн айтып, студенттерге ийгилик каалап өтүштү.
Жыйынтыгында калыстар тобу жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты.
1-орун: “МегаМозг” командасы (1-даражадагы диплом жана Ч. Айтматовдун 4 томдук китеби менен сыйланды)
2-орун: “Мозговой штурм” командасы (2-даражадагы диплом жана Ч. Айтматовдун 4 томдук китеби)
3-орун: “Интеллектуалы” командасы (3-даражадагы диплом жана Ч. Айтматовдун 4 томдук китеби).
Оюндун соңунда Издевалды Искаков агай катышкан командаларга “Эң негизгиси жеңиш эмес, катышуу. Жеңишке жете албай калдык деп кайгырбагыла. Бул оюнда дагы жаңы маалыматка ээ болдуңар, билгениңерден билбегениңер арбын экенин түшүнүп калдыңар. Мындан кийинки убактынарды окууга бөлгүлө. Ошондой эле уюштуручулар жакшы өткөрдүңөр, жалпы жааматыңарга ырахмат. Бар болгула”,- деди.
(С) Сүймөнова Жылдыз — тарбия иштер боюнча декандын орун басары