2023-жылдын 7-декабрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун «Психология» багытынын  магистранты Чолпон Кадырова «Кызматтык ишмердүүлүк алкагындагы психология жана педагогика: теория жана практиканын актуалдуу суроолору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференция Россиянын ИИМине караштуу Барнаул юридикалык институтунун базасында видео-конференция режиминде өттү.

Ч.Кадырованын илимий макаласы анын магистрдик диссертациясынын темасына негизделет. Диссертациясынын илимий жетекчиси – социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, псх.и.к., доц. Камчыбек уулу Мырзабек.  Конференцияда талкууланган көйгөйлөр магистердик диссертациянын эмпирикалык жагына азык болуп бере алды.

(С) Сыдыкова Гулина – СГИ институтунун психология кафедрасынын доценти, псх.и.к.

Добавить комментарий