2023-жылдын 7-декабрында илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмү түзүмдүк курамдардын орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү. Анын алкагында маалымат базасына катталуу, Scopus, РИНЦ жана Web of Science базаларындагы негизги талаптар, илимий макаланы кантип жазуу керек, автордун Scopus профили жана электрондук маалымат базасына кирүү, издөө жүргүзүү боюнча сунуштар жана негизги көйгөйлөр, цитаталарды талдоо, сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланып, негизги суроолорго жооп табууда окутуучуларга жардам бере турган сунуштар, окутуунун негизги принциптеринин мүнөздөмөсү жана практикада колдонууга ыңгайлуу бир нече багыттар берилди.
О.э. “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу семинар улантылууда. Семинар башкы имараттын 111-кабинетинде кыргыз-европа, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультеттеринин окутуучулук-профессорлор курамдары үчүн өткөрүлдү.
Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D. АКШ Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев баяндама жасады.
Ийгиликтүү иш алып барууга салым кошуп, колдоо көрсөткөн кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз!
(С) Рашитова Асел Жумабековна – илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси