2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинде белгилүү адабиятчы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, сынчы, парапсихолог «Болотбек Акматов атындагы адабий — санариптик лабораториянын” ачылыш аземи жана анын жаркын элесине арналган “Бир келген өмүр” аттуу адабий эскерүү кечеси болуп өттү.
Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышып, жеке каржысына аталган кабинетти жасап берген Б.Акматовдун жубайы, п.и.д., профессор Мукамбетова Айгуль Садырбаевнага терең ыраазычылык билдирди жана «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» мааракелик медалы менен сыйлады.
Адабий эскерүү кеченин жүрүшүндө профессор Б.Акматовдун филология илиминде жасаган илимий изилдөөлөрү, таамай сүйлөгөн сөздөрү, чындыктан тайбаган мыкты адабиятчы катары эл -журтунда таанылып кеткендиги тууралуу кеңири сөз болду.
(С) Н.Турдубаева — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары