2023-жылдын 22-ноябрында юридикалык колледжде эл агартуунун отличниги, окутуучу Сардагүл Мамбетованын “Айтматовдун ааламы” деген аталыштагы макалалар жыйнагы жана 1-курстун студенттери үчүн окуу программасынын негизинде түзүлгөн “Адеп” китебинин бет ачары өткөрүлдү.
Иш чарага колледждин окутуучулары жана студенттери катышты.
Автор Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлак, ыйман жана адамдардын дене тарбиясы”, “Кыргыз жараны”, “Улуттук нарк” жана “Жаштар саясаты” жөнүндөгү жарлыктарына токтолуп, адеп сабагы жана бул китеп адеп-ахлакты, ыйманды, улуттук наркты сактай билүүгө үндөй тургандыгын билдирди.
(С) Жакшылыкова Элла – окуу иштери боюнча директордун орун басары